«Бишкекти дүйнөгө тааныт – 2026»: Мэрия видео жана сүрөт сынагын жарыялады

Бишкек шаарынын мэриясы «Бишкекти дүйнөгө тааныт – 2026» аттуу видеороликтер жана туристтик фотокаталогдор сынагын жарыялады. Конкурстук иштер үстүбүздөгү жылдын 27-августунан 27-октябрына чейин кабыл алынат.
Мэриянын маалыматында, сынактын жеңүүчүлөрү сегиз номинация боюнча аныкталат. Сыйлыктардын өлчөмү төмөнкүдөй белгиленген:
- «Бишкек тууралуу мыкты туристтик видеоролик» номинациясы — 200 миң сом;
- «Бишкекти эл аралык деңгээлде таанытууга арналган мыкты туристтик фотокаталог» номинациясы — 100 миң сом;
- Беш тематикалык категория («Маданий код жана тарых», «Меймандос Бишкек», «Жашыл шаар жана активдүү эс алуу», «Динамикалык борбор», «Даяр туристтик маршрут») — 20 миң сомдон.
Кошумча «Көрүүчүлөр сыйлыгы» номинациясы каралган. Анын жеңүүчүсү Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин платформаларында 20 күндүк онлайн добуш берүүнүн (көрүүлөрдүн жана жактыруулардын саны) жыйынтыгы менен аныкталып, сертификат жана белектер менен сыйланат.
Сынакка Кыргызстандын жарандары, ошондой эле Бишкекте жашаган, окуган же иштеген чет өлкөлүктөр катыша алат. Катышуу жеке тартипте же беш адамдан турган топтун курамында жүргүзүлөт. Материалдар кыргыз, орус же англис тилдеринде даярдалышы керек.
Сынактын талаптары жана катышуу боюнча кошумча маалыматтар Бишкек мэриясынын расмий сайтында жеткиликтүү.