Бишкектин дагы бир көчөсүндө мыйзамсыз орнотулган көрнөк-жарнактар алынды

06.11.2026 | 15:27
Бишкектин Курманжан Датка көчөсүндө мыйзамсыз орнотулган көрнөк-жарнактар алынды — Новости Кыргызстана
Бишкектин Курманжан Датка көчөсүндө мыйзамсыз орнотулган көрнөк-жарнактар алынды — иллюстрация
Бишкектин Курманжан Датка көчөсүндө мыйзамсыз орнотулган көрнөк-жарнактар алынды — контекст события

Бишкек шаарынын Курманжан Датка көчөсүндө уруксаты жок орнотулган 38 жарнамалык объект демонтаждалды. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы билдирди.

Иш-чаралар мэриянын Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы жана Свердлов райондук администрациясы тарабынан аталган көчөнүн Набережная көчөсүнөн Гидростроителей көчөсүнө чейинки тилкесинде, ошондой эле «Аламедин Гранд» соода борборунун айланасында жүргүзүлгөн.

Демонтаждалган объектилердин катарында билборддор, лайтбокстор, баннерлер, багыттоочу белгилер, чаптамалар жана кафе-дүкөндөрдүн 15 жарнама тактасы бар.

Ошондой эле уруксат кагаздары жок жарнамаларды жайгаштырган жактарга Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 107-беренесинин негизинде протоколдор түзүлгөн.

Scroll to Top