Алтынбек Сулайманов Саймаитини иликтеген депкомиссиядан чыкканын жарыялады

Алтынбек Сулайманов Саймаитини иликтеген депкомиссиядан чыкканын жарыялады

Жогорку Кеңештеги “Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов Түркияда өлтүрүлгөн кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин айланасындагы окуяларды иликтөө үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын курамынан чыкканын жарыялады. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

“Айеркен Саймаити боюнча түзүлгөн комиссиянын курамынан чыктым. Мени элге жаман көрсөтүү аракети күч алгандыктан, эл өкүлдөрү ушул болуп жаткан иштерди иликтеш керек деп комиссия түзүүнү демилгелегем. Ошондуктан, коомчулукта эч кандай шек жаралбашы үчүн комиссиядан чыгуу туура деп чечтим. Комиссиянын ишинин жүрүшүнө жарандык коом, журналисттер, депутаттар көз салып турат. Комиссиянын ишинин жүрүшү ачык болот деп ишенем”, — деп жазган ал.

Белгилей кетсек, Айеркен Саймаитиге байланыштуу маалыматтарды иликтөө үчүн депутаттык комиссия 21-ноябрда Алтынбек Сулаймановдун сунушунун негизинде түзүлгөн.

Ага ар бир фракциядан 12 депутат кирген. Депкомиссияга мүчө болгондордун арасында Искендер Матраимов болгону үчүн коомчулук тарабынан сын айтылган. Андан кийин Матраимов комиссиянын курамынан чыгып кеткен.

Айеркен Саймаитини 10-ноябрь күнү Стамбулдун Фатих районунда жайгашкан мейманканадан атып кетишкен.

12-октябрда ишкер Айеркен Саймаитини өлтүрүүгө шектелип кармалган үч кишинин экөө кыргызстандыктар болгондугун түрк басылмалары жазып чыккан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>