Бишкекте жемкорлукка каршы тынчтык митингге чогулгандар кол топтошууда

Бишкекте жемкорлукка каршы тынчтык митингге чогулгандар кол топтошууда

Бишкекте жемкорлукка каршы тынчтык митингге чогулгандар бийликке элдин талабын жеткирүү үчүн кол топтоп жатышат.

Ак үй алдына чыккан митингге чыккандардын саны болжолдуу түрдө 1000 миң кишиден ашты. Алар колдоруна “Раим камалсын!”, “Уурунун орду түрмөдө!”, “Реалдуу реформалар жүргүзүлсүн!” деген чакырыктар жазылган плакаттар менен чыгышты. Мындан тышкары ар бир адам колуна сары кагаздарды көтөрүп, бийликке жемкорлор менен күрөшүүсүнө эскертүү беришти.

Миттинггдин модератору Улан Үсөйүндүн айтуусунда, сары кагаз менен эскертүү берилгенин, эми бир аптанын ичинде жогору жактан реакция болушу керектигин белгиледи.

«Бир аптада керектүү кагаздарды жогору тараптагыларга беребиз да жооп күтөбүз», — деп билдирди ал.

Белгилей кетсек, 21-ноябрда “Азаттык”, “OCCRP” жана “Kloopтун”  “Бажыдагы миллиондор: Карактоо жана калкалоо”  деген иликтөөсү жарыяланган.

Анда Хабибулла Абдукадыр аттуу уйгур үй-бүлөнүн карго компаниясы аркылуу Кыргызстанга кирип-чыгып турган мыйзамсыз миллиондогон долларлар жана Райымбек Матраимовдун бул ишке тиешеси баяндалат.

Аталган иликтөөдөн кийин  жарандык коом өкүлдөрү менен шаар тургундарынын жемкорлукка каршы тынчтык митингге чыгару тууралуу маалыматтар тараган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>