Чүй облусунда 1250 гектар жерде зыянкеч чегирткелер аныкталдыСтуденттерге контракттык окуу үчүн жеңилдетилген насыя берүү сунушталдыДепутат мэриянын «Өлбөс полктун» уюштуруучуларын тоготпой жатканына нааразы болдуҮч-Коргон ГЭСин реконструкциялоо иштери жүрүүдөСадыр Жапаров Тогонун премьерин кабыл алды: африкалык республиканын өкмөт башчысы аскерлер менен кыргызча саламдаштыКыргызстандын хоккей боюнча өспүрүмдөр курамасы Макаону 15:0 эсебинде жеңди
“Альянс Алтын” ишканасы Талас облусуна медициналык коргонуучу каражаттарды берди
17.04.2020 | 19:36
Бүгүн, 17-апрелде Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү “Альянс Алтын” ишканасы берген гуманитардык жардамдарды кабыл алды. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жардамдар коронавирус илдети менен күрөшүү үчүн берилди.
Анын ичинде: 7 медициналык электрондук термометр, 1 миң марлиден тигилген беткап, 100 респиратор жана 100 коргонуучу костюм тапшырылды.
Компания бул иштерди акционерлер бөлгөн 16 миллион сом каражаттын негизинде ишке ашырууда.
Бир ай ичинде “Альянс Алтындын” өкүлдөрү Талас облусуна азык-түлүк жана медициналык каражаттарды гуманитардык жардам катары айтылган даректерге жеткирип, тапшырып берди.
[su_carousel source=”media: 26597,26598,26594,26597″]
Рубрики: Жаңылыктар, Коом