Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Алымкадыр Бейшеналиев жаңы кызматка дайындалды
20.08.2022 | 11:31
Экс-министр Алымкадыр Бейшеналиев Чолпон-Ата шаарындагы “Алтын балалык” ден соолукту калыбына келтирүү борборунун директору болуп дайындалды. Бул тууралуу маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинен тастыкташты.
Маалыматка караганда, аны дайындоо боюнча буйрукка саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков кол койгон.
Буга чейин Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Алымкадыр Бейшеналиев Саламаттыкты сактоо министри кызматынан бошотулган.
“Алтын балалык” борбору расмий түрдө 2022-жылдын 1-июнунда ачылган. Аны Алымкадыр Бейшеналиев бүтүргөн. Борбордун ачылышында президент Садыр Жапаров курулуш иштерин бүтүргөн ошол кезде министр болуп турган Алымкадыр Бейшеналиевге ыраазычылык айткан.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом