Амантур Исмаилов Олимпиадага биринчи ирет катышат. Анын атаандаштары кимдер?

Амантур Исмаилов Олимпиадага биринчи ирет катышат. Анын атаандаштары кимдер?

Амантур Исмаилов — Кыргызстандагы белгилүү грек-рим балбандарынын бири. Ал быйыл биринчи ирет Олимпиада оюндарына катышат. Учурда анын Парижде өтө турган мелдештеги бардык атаандаштарынын аттары белгилүү. Алардын арасында Олимпиада жана дүйнө чемпиондору, континенталдык биринчиликтерди жеңип жүргөн балбандар бар.

Грек-рим күрөшүнөн 67 кг салмакта жолдомо алгандар:

1. Куба — Луис Орта Санчес (Олимпиаданын жеңүүчүсү (2020), дүйнө чемпиону (2023-жыл), Пан-Американын үч жолку чемпиону (2018, 2019, 2023-жыл), Пан-Америка оюндарынын жеңүүчүсү (2023-жыл) жана коло байге ээси (2019-жыл)

2. Азербайжан — Хасрат Жафаров (дүйнө чемпионатынын күмүш (2023-жыл) жана коло байге ээси (2022-жыл), Европанын эки жолку чемпиону (2023, 2024-жыл) жана коло байге ээси (2022-жыл)

3. Сербия — Мате Немеш (дүйнө чемпиону (2022-жыл), эки ирет коло уткан (2019, 2023-жыл), Европанын чемпиону (2021-жыл), Европа оюндарынын коло байге ээси (2019-жыл)

4. Иран – Мохаммадреза Гераеи (Олимпиаданын жеңүүчүсү (2020), дүйнө чемпиону (2021-жыл), күмүш жана коло байге ээси (2022, 2023-жыл), Азия чемпиону (2019-жыл), Азия оюндарынын коло байге ээси (2018-жыл)

5. Армения — Славик Галстян (дүйнө чемпионатында бир ирет коло уткан (2019-жыл), Европа биринчилигинде эки жолу коло тагынган (2021, 2022-жыл)

6. Чили — Нестор Эвиан Алманса (Пан-Америка чемпионатында күмүш жана коло уткан (2023, 2024-жыл)

7. Эквадор — Андрес Монтано Арройо (Пан-Америка оюндарынын жеңүүчүсү (2019-жыл), бир ирет колого татыган (2023-жыл), Пан-Американын үч жолку чемпиону (2017, 2019, 2021-жыл), эки ирет күмүш (2012, 2024-жыл), эки жолу коло уткан (2018, 2023-жыл)

8. Тунис — Сулейман Наср (Африканын чемпиону (2017-жыл), эки жолу күмүш (2018, 2019-жыл), бир ирет коло тагынган (2016-жыл), Африка оюндарынын күмүш байге ээси (2019-жыл)

9. Алжир — Исхак Гайу (Африка чемпионатында үч ирет күмүш (2020, 2022, 2023-жыл), бир жолу коло уткан (2018-жыл), Африка оюндарынын күмүш байге ээси (2024-жыл)

10. Украина — Парвиз Насибов (Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси (2020-жыл), Европа биринчилигинде эки ирет коло тагынган (2023, 2024-жыл)

11. Франция — Мамадасса Силла

12. Кыргызстан — Амантур Исмаилов (дүйнө чемпионатынын коло байге ээси (2022-жыл), Азия оюндарында (2018-жыл) жана Азия биринчилигинде коло уткан (2021-жыл)

13. Япония — Киотаро Согабе (Азия чемпионатынын күмүш байге ээси (2023-жыл)

14. Молдова — Валентин Петич

15. Грузия — Рамаз Заидзе (дүйнө чемпионатынын коло байге ээси (2021-жыл)

16. Египет — Мохамед Элсайед (Олимпиада оюндарынын коло байге ээси (2020-жыл)

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>