Ош шаарында шахмат боюнча сеньорлор арасында Азия чемпионаты өтөт

15-25-октябрында Ош шаарында шахмат боюнча сеньорлор арасындагы Азия чемпионаты өтөт. Мелдеш Кыргызстанда биринчи жолу уюштурулууда. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирди.
Таймашка Азия өлкөлөрүнөн 50+ жана 65+ жаш категорияларындагы шахматчылар, эл аралык гроссмейстерлер жана спорт чеберлери катышат. Жеңүүчүлөргө «Азия чемпиону» расмий наамы ыйгарылат.
Мелдештин программасы классикалык шахмат, рапид жана блиц түрлөрүн камтыйт. Жалпы байге фонду 4 миң АКШ долларын түзөт.
Чемпионатка FIDE ID номери бар жана белгиленген курактык чектөөгө туура келген кыргызстандык спортчулар да катыша алышат. Катышуучулардын санына чектөө коюлбайт. Каттоо иштери 2026-жылдын 15-сентябрына чейин жүргүзүлөт.
Чемпионат FIDE жана Азия шахмат федерациясынын көзөмөлү астында Кыргыз шахмат союзу, Ош шаарынын жана Ош облусунун шахмат федерациясы тарабынан Ош шаарынын мэриясынын колдоосу менен өткөрүлөт.