Курулуш министрлиги: Жыл аягына чейин Кыргызстанда 36 мектеп курулатПрезидент Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барат«Музейлер эксперименталдык боло алабы?»: Бишкекте куратор Чарльз Эшенин лекциясы өтөтБекешев: TikTok’ту бөгөттөн чыгарууга азыр УКМК гана каршы болуудаБекешев кортеждердин санын азайтып, «күркүрөгөн» унааларга чара көрүүгө чакырдыБишкекте уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүүгө шектелип чет элдиктер кармалды
Аяз Баетов юстиция министри кызматынан бошотулуп, анын ордуна Алмаз Айылчиев дайындалды
08.09.2026 | 09:46

Өлкө башчы Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Аяз Баетов юстиция министри кызматынан бошотулду. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматында, Баетов бул кызматтан башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кетти.
Президенттин дагы бир жарлыгы менен Алмаз Айылчиев юстиция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Анын талапкерлиги аталган кызмат ордуна дайындоо үчүн Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.
43 жаштагы Айылчиев буга чейин Президенттин жана Министрлер кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын начальнигинин орун басары жана укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы кызматында иштеп келе жаткан.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат
Теги: Жарлык, Юстиция министрлиги