Бишкекте тактикалык страйкбол боюнча ATG 2026 эл аралык турнири өттүМинистрлер Кабинети 2027-жылы 33 млрд сомдон ашык насыя тартууну пландоодоЧүй облусунда 110 млн сомдук муздаткыч комплекси ишке берилдиШакиранын концерти Кыргызстандын экономикасына $30 млн алып келиши мүмкүн — КубатовКыргызстанда жыл башынан бери 93 мыйзамсыз таштанды жайы жабылдыКыргызстанда үч жылда баалар дээрлик 22% кымбатташы мүмкүн
«Рубеж-2026»: Кыргызстандын аскерлери Казакстандагы ЖККУнун машыгуусуна катышат
10.09.2026 | 14:30

КР Коргоо министрлигинин аскер контингенти 2026-жылдын 11-сентябрынан 19-сентябрына чейин Казакстанда өтүүчү ЖККУнун (Жамааттык коопсуздук келишими уюму) Борбор Азия чөлкөмүндөгү Ыкчам жайылтуу жамааттык күчтөрүнүн «Рубеж-2026» биргелешкен машыгуусуна катышат.

Иш-чаранын алдында 73809-аскер бөлүгүнүн аймагында машыгууга катыша турган аскер кызматкерлеринин саптык кароосу өткөрүлдү.

Кароонун жүрүшүндө аскер кызматкерлеринин сырткы көрүнүшү жана аскердик кийими (формасы), жабдыктары (экипировкасы), аскердик техникасы, ошондой эле өздүк курамдын коюлган тапшырмаларды аткарууга даярдыгы текшерилди.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом