Бишкекте тактикалык страйкбол боюнча ATG 2026 эл аралык турнири өттүМинистрлер Кабинети 2027-жылы 33 млрд сомдон ашык насыя тартууну пландоодоЧүй облусунда 110 млн сомдук муздаткыч комплекси ишке берилдиШакиранын концерти Кыргызстандын экономикасына $30 млн алып келиши мүмкүн — КубатовКыргызстанда жыл башынан бери 93 мыйзамсыз таштанды жайы жабылдыКыргызстанда үч жылда баалар дээрлик 22% кымбатташы мүмкүн
Ноокат районунун Жаңы-Базар айылына 40 орундуу оорукана курулду
11.09.2026 | 11:54
Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Жаңы-Базар айылында 40 койкалуу оорукананын курулушу аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, жалпы наркы 142 миллион сомду түздү. Объекттин курулушу 2023-жылдын сентябрь айында башталган.
Оорукананын жалпы аянты 2400 чарчы метрди түзөт. Үч кабаттуу имаратта терапия, хирургия жана төрөт бөлүмдөрү каралган. Оорукананын жанына өзүнчө поликлиника имараты курулуп, ага рентген, стоматология, УЗИ жана кабыл алуу бөлмөлөрү жайгаштырылды.
Учурда имаратта курулуш иштери толугу менен бүтүп, медициналык жабдууларды жана эмеректерди орнотуу иштери жүрүп жатат.



