“Антошкадагы» жарылуудан кийин тамактануучу жайлардын бары текшерилет

“Антошкадагы» жарылуудан кийин тамактануучу жайлардын бары текшерилет

“Антошка” тез тамактануучу жайда болгон жарылуудан кийин Бишкектеги тез тамактануучу жайлар жана социалдык мекемелер  текшерилет. Бул тууралуу мэриянын жыйынында айтылганын  мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Текшерүүнүн максаты өрткө каршы чараларды күчөтүүгө багытталат. Биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаевдин тапшырмасы менен шаардагы мектеп, бала бакча, социалдык мекемелер жана тез тамактануучу жайлар 18-ноябрга чейин текшерүүдөн өтүүгө тийиш.

Муну менен бирге шаар башкармалыгы өрткө каршы иш-чаралар үчүн шаардык бюджеттен жетиштүү каражат бөлүнгөнүн белгилеп өттү.

8-ноябрда Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишинде жайгашкан “Антошка” тез татым жайында жарылуу болгон. Анын кесепетинен аталган жайдын кызматкери каза болуп, 14 адам ар кандай жаракаттар менен ооруканага жеткирилген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>