Апасын коргойм деп, мас кишиге бычак сайган өспүрүмдүн иши боюнча жаңы жагдайлар

Апасын коргойм деп, мас кишиге бычак сайган өспүрүмдүн иши боюнча жаңы жагдайлар

Юстиция министри Аяз Баетов жана Акыйкатчы Атыр Абдрахматова апасын коргойм деп, мас кишиге бычак сайган 16 жаштагы өспүрүмдүн апасы менен 29-майда жолукту.

Атыр Абдрахматованын айтымында, өспүрүмдү коргойм дегендер көп болгону менен апасы Акыйкатчы институтунун кызматкерине такыр башкача маалымат берип турган.

“Юстиция министри менен окуя болгон жерге барып, өспүрүмдүн апасынын өзүнөн окуянын чоо-жайын уктук. Мамлекет тараптан кепилденген акысыз, балдар укугун жактоодо тажрыйбасы бар жактоочу дүйшөмбү күнү Юстиция министрлиги тараптан расмий бекитилмей болду. Министр Аяз Баетов дагы иш жеке көзөмөлүндө болгонун ырастады. Буга чейин бул иш менен иштеген жактоочунун иш-аракетине да министрлик баа берерин убадалады”, — деди ал.

Ошондой эле, акыйкатчы министрлик тараптан бекитилген жактоочунун ишине көзөмөл жүргүзөрүн белгиледи.

“Акыйкатчы аппараты болгон окуяны иликтеп, милиция, сот кабыл алган чечимдерин талдап, өспүрүмдүн апасынан маалымат алып, 16 жаштагы өспүрүмдүн камакка алынышы — одоно мыйзам бузуу деп таптык. Андыктан ички иштер министрине, Башкы прокурорго, Жогорку соттун төрагасына, Бишкек шаардык соттун төрагасына Акыйкатчынын атынан расмий кат жолдоп, өспүрүмдүн бөгөт коюу чарасын тез арада өзгөртүүнү, камактан чыгарууну талап кылдык”, — деди Абдрахматова.

Ал белгилегендей, 1-июнь — Балдар укугун коргоо күнү апелляциялык сот отурумунун болушу күтүлүүдө.

Буга чейин маалымдалгандай, 14-майда милицияга Рыскулов көчөсүндө бычактан жаракат алган эркек кишинин жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Окуяда мас абалындагы эркек киши менен мейманкананын администратору уруша кеткендиги, администратордун уулу апасын коргоо максатында бычак алып чыкканы, жаран ага карай чуркап, бычак анын курсак тушуна сайылганы аныкталган. Ал хирургиялык борборго жеткирилип, операция жасалган. Аталган факты каттоого алынып, кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип, 2005-жылы туулган өспүрүм кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тэги: өспүрүм

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>