Чек арага жакын айылдардын эли депутаттарга көйгөйлөрүн айтышты

Чек арага жакын айылдардын эли депутаттарга көйгөйлөрүн айтышты

Жогорку Кеңештин «Элдик» депутаттык тобу 28-январда Лейлек районуна караштуу Кулунду айылынын тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жолугушууга Акылбек Түмөнбаев баштаган депутаттык топтун мүчөлөрү Жалолидин Нурбаев, Нурлан Ражабалиев, Максатбек Сарбагышов, Тазабек Икрамов, Чыңгыз Ажибаев жана Министрлер кабинетинин жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү катышты.

Депутат Чыңгыз Ажибаев уюштурулган иш сапар тууралуу учкай кеп кылып, тургундардын суроо-талаптарын угуу башкы максат экенин кошумчалады. Ал эми депутаттык топтун лидери Акылбек Түмөнбаев мамлекет тарабынан Баткен облусундагы чек арага чектеш айылдарды өнүктүрүү багытында жасалып жаткан иштерге токтолду.

Жыйын суроо-жооп иретинде уланып, жергиликтүү эл бир катар көйгөйлүү маселелерди көтөрүштү.

Алсак, Жаңы-Жер айылынын тургуну Нурматов Ибрагим чек ара жаңжалында жабыркагандардын  мүлкүн калыбына кетирүү зарылчылыгын айтып, саламаттыкты сактоо мекемелериндеги кадр жетишсиздиги боюнча да сөз кылды.

Арка 2 айылынын жашоочусу Гүлдана Бакирова чек арага чектеш айылдардын кыз-келиндери үчүн иш орундарын түзүү сунушун берсе, Кулунду айылынын тургуну Ахмадзали Садыков аймакта таза суу, жөлөк пул маселеси курч экенин кошумчалады.

Жалпысынан жыйында чек араны тактоо башкы маселе катары айтылып, тиешелүү макулдашууларды тездетүү талабын коюшту. Муну менен катар жолдорду жаңылоо, мектеп, бала бакчаларды куруу, мал уурулук менен күрөшүү сунуштары берилди.

Айрыкча, жер тилкесине муктаждар арбын экени белгиленип, анын ичинен Кайрадан участкасында тургундары турак-жай үчүн жер ала албай жатышканын билдиришти. Андыктан жерлерди ыкчамдатып трансформациялоо талабы коюлду.

Жыйын соңунда депутаттар бюрократиялык аракеттерди азайтуу менен чек арага чектеш айылдардагы көйгөйлөрдү чечүү керектигин айтышып, өз ыйгарым укуктарынын алкагында көмөк көрсөтүшөрүн убада кылышты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>