Asman Airlines жана «Кыргызстан аэропорттору» Routes World форумунда сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

«Кыргызстан аэропорттору» ААКсы жана улуттук Asman Airlines авиакомпаниясы 21-23-октябрда Франкфурт шаарында өткөн Routes World 2026 эл аралык авиациялык форумуна катышты. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» компаниясынан билдиришти.
Форумга 120дан ашык өлкөнүн авиакомпанияларынын, аэропортторунун жана авиация тармагынын өкүлдөрү катышты. Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, эл аралык аба каттамдарын өнүктүрүү жана жаңы багыттарды ачуу боюнча 10 миңден ашык ишкердик жолугушуу жана сүйлөшүү өткөрүлгөн.
Кыргызстандык өкүлдөр эл аралык авиациялык өнөктөштөр менен ишкердик жолугушууларды өткөрүштү. Анда кызматташтык, жаңы багыттарды ачуу жана каттамдардын географиясын кеңейтүү маселелери талкууланды. Компания бул мүмкүнчүлүктөрдү Кыргызстандын Евробиримдиктин авиациялык «кара тизмесинен» чыгарылышы менен байланыштырат. Алардын айтымында, бул маршруттук тармакты өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
«Кыргызстан аэропорттору» ААКсы форумдун экинчи күнүнүн расмий демөөрчүсү болду. Иш-чаранын алкагында эл аралык авиация коомчулугуна өлкөнүн авиация тармагынын мүмкүнчүлүктөрү жана өнүгүү келечеги тааныштырылды.
«Routes World 2026 форумунун экинчи күнүндө “Кыргызстан аэропорттору” ААКсынын расмий демөөрчү катары катышуусу өзгөчө орунду ээледи. Иш-чаранын жүрүшүндө эл аралык авиация коомчулугуна Кыргызстандын авиация тармагынын мүмкүнчүлүктөрү жана өнүгүү келечеги тааныштырылды», — деди компаниянын коммерция боюнча директору Аман Мамаев.