2023–2026-жылдардагы турак жайды менчиктештирүүгө жаңы коэффициент киргизилет

Кыргызстанда турак жайды менчиктештирүүдө анын баасын эсептөө тартибин өзгөртүү сунушталууда. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги 2023–2026-жылдары салынган турак жайлар үчүн жаңы коэффициентти караган Министрлер кабинетинин токтом долбоорун жарыялады.
Негиздеме-маалымкатта белгиленгендей, колдонуудагы эрежелер турак жайдын курулган жылын эске алат, бирок бекитилген коэффициенттер шкаласы 2022-жыл менен аяктайт. Андан кийин салынган жаңы үйлөр жана батирлер үчүн өзүнчө көрсөткүч азырынча каралган эмес.
Ошондуктан Курулуш министрлиги 2022-жылдан кийин курулган турак жайларды менчиктештирүүнүн баасын эсептөөгө мүмкүн болушу үчүн колдонуудагы тартипти толуктоону сунуштоодо.
Ведомстводон түшүндүрүшкөндөй, жаңы коэффициент турак жайдын чарчы метринин орточо баасын талдоонун жана менчиктештирилүүчү жайлардын наркын эсептөөнүн колдонуудагы методикасынын негизинде аныкталган.
Учурда менчиктештирилип жаткан турак жайдын баасын аныктоодо имараттын курулган жылына жараша коэффициент колдонулат.
Колдонуудагы эрежелерге ылайык, төмөнкүдөй көрсөткүчтөр бекитилген:
• 1991-жылга чейин курулган турак жайлар үчүн — 0,1;
• 1992-жылдан 1999-жылга чейин — 1;
• 2000-жылдан 2007-жылга чейин — 10;
• 2008-жылдан 2014-жылга чейин — 20;
• 2015-жылдан 2022-жылга чейин — 30.
Курулуш министрлиги бул тизмени дагы бир категория — 2023–2026-жылдары курулган турак жайлар менен толуктоону сунуштайт. Ал үчүн коэффициент 40ты түзөт.
Ошентип, аталган мезгилде курулган турак жайларды менчиктештирүүнүн баасын эсептөөдө жаңы көрсөткүч колдонулат. Ал эми мурунку жылдары салынган турак жайлар үчүн колдонулуп келе жаткан коэффициенттерди өзгөртүүсүз калтыруу сунушталууда.
Анара Мамытова