Армениянын спикери беткап тагынбаган депутаттарды жыйындан чыгарат

Армениянын спикери беткап тагынбаган депутаттарды жыйындан чыгарат

Армения парламентинин спикери Арарат Мирзоян, коронавирус пандемиясына байланыштуу беткап тагынбаган депуттарды отурумдан чыгара тургандыгын эскертти. Бул тууралуу РИА новости басылмасы жазып чыкты.

“Коранавирус пандемиясына карата кигизилген талаптарга ылайык, беткап тагынбаган депутаттарга эскертүү берем, керек болсо аларды бир күндөн жети күнгө чейин жыйынга катыштырбайм”, — деген Мирзоян.

Спикер биринчилерден болуп «Гүлдөгөн Армения» оппозициялык фракциянын депутаты Геворг Петросянга эскертүү берген.

Арменияда коронавирус илдети менен курөшү үчүн 16-марттан 13-июнга чейин өзгөчө абал жарыяланган. Аталган өлкөдө, 26-майга карата 7402 адамга коронавирус жуккан. Илдеттен каза болгондордун саны 91ге жеткен.

Буткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун соңку маалыматына ылайык, дүйнө жүзүндө 5,3 миллиондон ашык киши ооруну жуктуруп алган, алардын ичинен 342 миңден ашык адам өмүр менен кош айтышкан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>