Орусияда курулушта иштеп жаткан эки кыргызстандык чатырдан кулап, бири каза болду

Орусияда курулушта иштеп жаткан эки кыргызстандык чатырдан кулап, бири каза болду

Орусиянын Петропавлов-Камчат шаарында эки кыргызстандык жаран үйдүн чатырында оңдоо иштерин жүргүзүп жатып кулап түшүшкөн. Алардын бири окуя болгон жерден көз жумган. Бул тууралуу «Камчатка» маалымат агенттиги Орусиянын тергөө комитетине таянуу менен билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 25-май күнү орун алган. Анда Кыргызстандын 1984-жылы туулган эки жараны 13 метрлик бийиктиктен кулаган.

«Жабыркагандардын бири окуя болгон жерде каза болуп, экинчиси жаракат алып, ооруканага жеткирилген», — деп билдирет комитет.

Белгилүү болгондой, оңдоо иштери эч кандай коргоочу жабдыктарсыз жүргүзүлгөн.

«Капиталдык ремонт фонду менен «Бумаган» ишканасынын ортосундагы чатырларды оңдоо боюнча келишим ушул жылы түзүлгөн. Жогоруда айтылган коом Орусиянын жарандык кодексине ылайык, 5-май күнү «Абылаев Р.К» жеке ишкер менен келишим түзгөн. Ал жумушчулардын коопсуздугу үчүн жооп бермек», — деди Орусиянын тергөө комитети.

Комитет тергөө иштери уланып жатканын белгилеп, текшерүү бүткөн соң, акыркы жыйынтыктар кабарланат. Аталган окуя боюнча прокуратура дагы текшерүү жүргүзүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>