Асел Ногойбаевага мурдагы күйөөсү түрмөдөн коркутуп жазууда

Асел Ногойбаевага мурдагы күйөөсү түрмөдөн коркутуп жазууда

Асел Ногойбаева мурдагы күйөөсү Азамат Эстебесов кайра коркутуп жатканын билдирди. Ал телефон номуруна келген билдирүүлөрдү Instagram баракчасына жазды.

«Бүгүн таң атпай, телефон номурумду алмаштырганыма карабай, коркутуулар келип баштады. Катуу тартипте олтурат имиш. Качып чыгып кетүү мен үчүн оңой деп жазып жатат», — дейт Асел Ногойбаева.

Эскерте кетсек, Азамат Эстебесов 2023-жылы 20-сентябрда Селекцияда жашаган мурдагы аялы Асел Ногойбаеваны сабап, кулагын жана мурдун кесип салган. Окуя коомдо резонанс жаратып, аялдардын коопсуздугу камсыз кылуу менен үй-бүлөлүк зомбулукка олуттуу көңүл бөлүүгө чакырыктар айтылган.

Бул кылмыштан кийин Азамат Эстебесов Аселди ага чейин дагы зордуктап, Сокулук райондук соту тарабынан 5 жылга абакка кесилип, бирок пробация менен эркиндикке чыгып кеткени белгилүү болот. Азаттыкта жүргөн зөөкүр мурдагы аялынын кулак-мурдун кескенден кийин гана сот анын ишин кайра карап, 8 жыл берет.

Ал эми  Селекциядагы кылмыш боюнча «адам өлтүрүүгө аракет кылуу», «зордуктоого аракет кылуу» жана «ден соолукка оор залал келтирүү» беренелери боюнча 12 жылга, жалпы 20 жылга абакка кесилген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>