Бишкекте BTS, Backstreet Boys жана Дженнифер Лопестин концерттери өтүшү мүмкүнСадыр Жапаров Арменияга расмий сапар менен баратОш облусунда зыяндуу чегирткелердин кыштоочу жайлары аныкталуудаМанасчы Мамбет Чокмор уулунун 130 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өтөтКыргызстанда мотоциклдерди, мопеддерди жана скутерлерди мыйзамдаштыруу пландалуудаЖогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТга каттоо башталды
Дүйнө чемпиону, милициянын лейтенанты Кымбат Нуржанованын сүрөтү дубалга тартылды
09.07.2024 | 11:12
Каракол шаарындагы Гебзе менен Коенкөзов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан көп кабаттуу үйдүн дубалына Мас-рестлинг боюнча дүйнө чемпиону Кымбат Нуржанованын сүрөтү тартылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Сүрөтчү Дмитрий Петроский жаш чемпиондун жетишкендиктерине шыктанган.
Тергөөчү, милициянын лейтенанты Кымбат Нуржанова дүйнө чемпиону жана Азия чемпионатында бир нече жолу жеңишке жетишкен.
“Бул сүрөттү тартуу мен үчүн өзгөчө долбоор болду. Анткени мен Кымбаттын сулуулугун гана эмес, анын күчүн, чечкиндүүлүгүн жана өз ишине берилгендигин көрсөткүм келди”, – деди Дмитрий Петроский.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом