Министрлер кабинети: Кыргызстанда күйүүчү майдын кору жылдын аягына чейин жетиштүү«Миллиондор үчүн оюн»: MBusiness’те 15 миллион сомдон ашык байге фонду менен акция башталатБишкекте оңдолгон имараттардын фасадын өз алдынча өзгөртүүгө тыюу салындыУлуттук банк эсептик ченди 12% деңгээлинде сактады: инфляция 10,8%га чейин төмөндөдү«Кумтөрдүн» тогуз айдагы кирешеси 1 млрд доллардан ашып, таза пайдасы 548 млн долларды түздүРухий-Мурас, Тунгуч, Кырман: Бишкектин бир катар конуштарында 28-октябрда суу өчүрүлөт
Рухий-Мурас, Тунгуч, Кырман: Бишкектин бир катар конуштарында 28-октябрда суу өчүрүлөт
27.10.2026 | 09:40

28-октябрда саат 09:00дөн 29-октябрга караган түнү саат 02:00гө чейин Бишкек шаарынын бир бөлүгүндө ичүүчү сууну берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Чектөө турак жайларга, билим берүү мекемелерине, саламаттык сактоо жана өнөр жай объектилерине тиешелүү. Суу төмөнкү аймактарда өчүрүлөт:
- Тунгуч кичи району;
- Рухий Мурас конушу;
- 44 Га конушу;
- Кырман конушу;
- ЖЭБ (Бишкек жылуулук электр борбору).

Суу берүү «Сельский» суу топтомосундагы II көтөрүмдүн насостук станциясын оңдоо иштерине байланыштуу токтотулууда.
«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы тургундар менен мекемелерди ичүүчү сууну алдын ала камдап алууга чакырды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом