Кыргызстанда «Кыргыз таза суу» мамлекеттик ишканасы түзүлөт

Кыргызстанда «Кыргыз таза суу» мамлекеттик ишканасы түзүлөт. Мындай чечим Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги астында өткөн өкмөттүн кезектеги жыйында кабыл алынды.
Минкабдын маалыматында, жаңы ишкана Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин алдында иш алып барат.
Токтом долбоору боюнча баяндама жасаган айыл чарба министри Эрлист Акунбеков бул кадам ичүүчү суу жана саркынды суу системаларын өнүктүрүүгө, тиешелүү органдардын ченемдик-укуктук актыларын жакшыртууга багытталганын белгилеген.
Адылбек Касымалиев тиешелүү жетекчилерге таза суу менен камсыздоо боюнча ар бир айылдын планын иштеп чыгууну, курулуш иштеринин сапатын жана мөөнөтүн көзөмөлдөөнү тапшырган.