Бишкекте өнүгүүсүндө өзгөчөлүктөрү бар балдардын адаптивдүү спорт борбору ачылды«Ош» аэропортунун жаңы терминалы 2026-жылдын аягына чейин курулуп бүтүшү керекКыргыз мамлекеттик куурчак театры ноябрь айындагы репертуарын жарыяладыЧүй облусундагы 30 мектепке экологиялык таза жылытуу системалары орнотулатКыргызстандык Кубаныч Арынов АКШда өткөн жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында коло медаль жеңдиБишкектен шаар сыртына каттаган таксилер эми Чыгыш автобекетинен жөнөйт
Ашуулардагы абал. Сосновка постунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды
28.12.2023 | 18:00
Сосновка жана Арал өтмөктөрүнө кечээ жол тайгактыгынан улам оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Алардын маалыматында, айрым ашууларда жол кыймылына чектөө бар.
Бүгүн Барскоон-Ак-Шыйрак жолунун Сөөк ашуусунда бороон болуп жатат, унаалар өтүп жатат.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматында, 27-30–декабрда тоолуу райондордо кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.
Алар:
– Бишкек—Ош унаа жолунун;
– 121-138-чакырымдарында Төө-Ашуу ашуусу;
– 198-255-чакырымдарында Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу;
– 86-101-чакырымдарында Ала-Бука— Каныш-Кыя ашуусу;
-0-2-чакырымдарында Кызыл-Бел—Акташ ашуусу;
– Мырза-Аке—Кара-Кулжа—Алайкуу унаа жолунун 45-115-чакырымдары.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз