Ислам Каримовдун небереси дагы Москвадагы «жылаңач кечеге» катышкан

Ислам Каримовдун небереси дагы Москвадагы «жылаңач кечеге» катышкан

Өзбекстандын мурдагы президенти, маркум Ислам Каримовдун небереси Мариям Тилляева белгилүү орусиялык блогер Настя Ивлееванын «жылаңач кечесине» барганын мойнуна алып, муну «катачылык» деп атады.

«Мен жаңылдым. Мен чындап эле Настя Ивлееванын туулган күнүнө баратам деп ойлогом. Алар мага ушинтип айтышкан», — деп жазды Марьям Тилляева өзүнүн блогунда.

Ошол эле учурда Тилляева «иш-чара абдан кызыктуу болгонун, бирок ал жерде көпкө турбаганын» айтты.

Тилляева бул иш-чараны уюштургандарды сыйлай турганын, бирок бул анын динине жана ишенимине тура келбеген формат экенин белгиледи.

21-декабрга караган түнү Москвадагы Mutabor клубунда блогер Настя Ивлеева жарым жылаңач дресс-код менен кече өткөргөн. Коноктордун арасында Ксения Собчак, Филипп Киркоров, Дима Билан, Лолита Милявская, Алена Водонаева, Жиган жана башка көптөгөн орус шоу-бизнес өкүлдөрү болгон.

Орус басылмалары жазгандай, кече Playboy журналы үчүн жарыялана элек сүрөттөрдүн көргөзмөсүнүн ачылышына арналган. Көптөгөн жылдыздар жарым жылаңач кийим менен келишкен. Кече учурунда тартылган видеолор интернетте тарап, жаңжал жаратып, андан соң расмий айыптоолор орун алды.

Бул окуяны орус коомчулугу кыжырдануу менен кабыл алды. Депутаттар, патриоттук уюмдар жана аскер блоггерлери жылдыздарга бойкот жарыялоону талап кылышты.

Телеалпаруучу жана блогер Настя Ивлеевага карата Федералдык салык кызматы иликтөө иштерин баштады.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>