Аймактарга интимдик кызмат көрсөтүүгө чыгып жүргөндөр кармалды

Аймактарга интимдик кызмат көрсөтүүгө чыгып жүргөндөр кармалды

УКМК Ысык-Көл облусунда “Сойкулукка жана бузукулукка көмөктөшүү” фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында текшерүү жүргүздү.

Мамлекеттик комитеттен билдиришкендей, текшерүү коомчулуктун жана улуттук коопсуздуктун кызыкчылыгына зыян келтирүүчү шарттарды аныктоо жана зыянсыздандыруу, баңгизаттар да кошо таратылган сойкуканалардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында жүргүзүлдү.

Анын алкагында акчалай сыйлык үчүн Кыргызстандын аймактарына интимдик кызмат көрсөтүүгө чыгып, ал нерсеге жаштарды тартып  жүргөн Токмок шаарынын тургундары – 1996-жылы туулган А.К.Н. жана 2003- жылы туулган А.С. экени такталды.

Тинтүү учурунда акча каражаттары жана интимдик буюмдар табылып, алынды.

Учурда айрым адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүрүп жатат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>