Аскарбек Шадиев сыртынан соттолду

Аскарбек Шадиев сыртынан соттолду

Мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев 13 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматынан кабарлашты. 

10-июнда өткөн соттук отурумда Шадиевге карата сыртынан өкүм окулуп, судья аны  Жазык кодексинин 323-беренесинин 1-бөлүгү  (“Мыйзамсыз баюу”) менен күнөлүү деп тапкан.

Ага ылайык экс вице-премьерди эки жылга чейин мамлекеттик кызмат ордун ээлөө укугунан ажыратуу менен, 60 000 сом айып салып, 5 жылга эркиндигинен ажыратылган.

Ал эми мурдагы Кылмыш-жаза кодексинин 59-беренесинин 4-бөлүгүнүн (“Бир нече кылмыш жасаганы үчүн жаза белгилөө”) негизинде, Шадиевдин жалпы абактагы жаза өтөө мөөнөтү 13 жыл болуп, мүлкү конфискацияланат.

Белгилей кетсек, 2018-жылы Башкы прокуратура мурунку биринчи вице-премьер Аскарбек Шадиевге карата Кылмыш-жаза кодексинин «Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Шадиев кылмыш иши козголгондон кийин эле өлкөдөн чыгып кетип, издөөдө жүрөт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>