Көк бөрү финалдарында аншлаг: Бает айылында түз эфир үчүн фан-аймак ачылатДүйнөлүк көчмөндөр оюндарында тыйын эңмей: кыргызстандык Азим Эсенбек уулу күмүш байгеге ээ болдуКММ үзгүлтүксүз камсыздоо: «Ынтымак Ордодо» күйүүчү май рыногундагы абал талкууландыКыргызстандык Орозбек Алмазбеков казак күрөшү боюнча Көчмөндөр оюндарынын чемпиону болдуАсыл тукум мал жана кош дипломдор: КР менен Чувашия агроөнөр жай комплекси боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү100 млн сом жана жаңы академия: Садыр Жапаров КРда шахматты өнүктүрүү боюнча жарлыкка кол койду
Айыл чарба: Кыргызстанда 202 машина-трактор станциясы иштеп жатат
26.08.2026 | 13:31

Кыргызстанда дыйкандарды колдоо үчүн 202 машина-трактор станциясы (МТС) иштеп жатат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Мекеменин маалыматында, республика боюнча түзүлгөн 202 МТСтин 77си муниципалдык, ал эми 125и жеке менчик болуп саналат. Станциялардын карамагында 4000ге жакын айыл чарба техникасы бар.
МТСтердин облустар боюнча саны төмөндөгүдөй:
- Ысык-Көл облусу – 40;
- Чүй облусу – 40;
- Нарын облусу – 39;
- Жалал-Абад облусу – 25;
- Ош облусу – 23;
- Талас облусу – 22;
- Баткен облусу – 13.
Айыл чарба министрлиги быйыл 16 МТС уюштурулганын, жыл аягына чейин дагы 3 станцияны түзүү пландалып жатканын билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Айыл чарба