Asman Airlines ички каттамдар боюнча тарифтердин өзгөрүшү тууралуу маалымдайт

2026-жылдын 1-августунан тартып Asman Airlines авиакомпаниясы айрым ички каттамдар боюнча тарифтерге өзгөртүү киргизет.
Мындай чечим 2026-жылдын июль айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда авиациялык күйүүчү майдын баасы 32%га жогорулаганына байланыштуу кабыл алынды. Күйүүчү майдын наркы авиаташуулардын өздүк наркынын негизги бөлүктөрүнүн бири болуп саналат.
Каттамдардын үзгүлтүксүз аткарылышын камсыз кылуу, аба кемелерин коопсуз пайдалануу жана көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын сактоо максатында авиакомпания колдонуудагы тарифтердин бир бөлүгүн кайра карап чыгууга аргасыз болду.
2026-жылдын 1-августунан тартып бир тарапка авиабилеттердин баасы төмөнкүдөй болот:
- Бишкек – Ош – Бишкек — бир тарапка 4 100 сомдон 6 500 сомго чейин;
- Бишкек – Манас – Бишкек — бир тарапка 4 100 сомдон 5 000 сомго чейин.
Авиабилеттин акыркы баасы аны сатып алган күнгө, каттамдагы орундардын толукталышына жана тиешелүү тарифтик класстагы бош орундардын болушуна жараша аныкталат.
Тарифтердин өзгөргөнүнө карабастан, Asman Airlines жеткиликтүү авиаташуулар саясатын карманууну улантып, Кыргыз Республикасынын ички каттамдар тармагын өнүктүрүүнү жана өлкөнүн аймактарынын ортосунда ишенимдүү аба байланышын камсыздоону улантат.
Актуалдуу тарифтер боюнча авиабилеттерди Asman Airlines авиакомпаниясынын расмий сайтынан жана мобилдик тиркемеси аркылуу сатып алууга болот.