Асылбек Дамирбек уулу эркиндикке чыкты

Асылбек Дамирбек уулу эркиндикке чыкты

Казакстанда 10 жылга эркинен ажыратылган кыргыз парламентинин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулу эркиндикке чыкты. Бул тууралуу Reporter.kg’ге өздүк булактар кабарлашты.

Ага ылайык, Жогорку Соттун чечими менен Дамирбек Асылбек уулу бошотулган.
Бул боюнча ЖАМКга байланышканыбызда аталган маалыматты тастыктады.

2018-жылдын 15-16-февралында Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети Коррупцияга каршы күрөшүү улуттук бюросу менен биргеликте атайын операция жүргүзгөн. Натыйжада бажы постторунда иштеген уюшкан кылмыштуу топтун 8 мүчөсү жок кылынган. Ал эми колго түшүрүлгөндөрдүн арасында ЖК депутаты Дамирбек Асылбек уулу бар экени айтылган. Казакстандын ИИМи анын казак жарандыгы бар экенин айтып чыккан. Бул маалымат Борбордук шайлоо комиссиясынын коңшу өлкөнүн тийиштүү органдарына жиберген сурамынан кийин да тастыкталып, Дамирбек Асылбек уулу депутаттык мандаттан ажыратылган. Дамирбек Асылбек уулуна Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 264 («Улуттар аралык кылмыштуу топ түзүү») жана 234-беренеси («Экономикалык аткезчилик») боюнча кылмыш иши козголгон.

Ал эми 2019-жылы 24-апрелде Алматы шаарынын адистештирилген райондор аралык соту Асылбек уулун 10 жылга эркинен ажыраткан. Соттун өкүмүнө ылайык, ал жаза мөөнөтүн өтөп бүткөн соң Казакстандан чыгарылмак.

Дамирбек Асылбек уулу 2015-жылы «Кыргызстан» фракциясынан Жогорку Кеңешке депутат болгон.

2019-жылдын 19-ноябрында кармалган үч кыргызстандык Казакстандан мекенине экстрадицияланган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>