Ат-Башы районунун Ак-Жар айылында 77 жаштагы кемпир жоголду. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Маалыматка караганда, анын дайынсыз жоголгону тууралуу маалымат 17-сентябрда келип түшкөн. 19-сентябрь күнү ӨКМдин куткаруучуларынан, милициядан жана жергиликтүү тургундардан турган 15 адам издөө иштерин жүргүзүшкөн. Издөө иштери бүгүн да улантылууда.