Ат-Башы районунда арыктан 37 жаштагы кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Ак-Жар айылында дренаждык арыкта эркек кишинин жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине 5 куткаруучу тартылып, ал 1985-жылы туулган К.Д. аттуу жаран экендиги аныкталган.
Куткаруучулар сөөктү чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз