Кыргызстан Кредиттерди камсыздандыруу боюнча Ислам корпорациясына кирүүнү пландап жататКыргызстан менен Орусиянын Экспорттук борбору агропродукцияларды жеткирүүнү кеңейтетЖамгыр жаап, күн күркүрөшү күтүлөт: 20-июнга карата аба ырайыКыргызстанда жарандык алуу жана андан ажыроо эрежелери өзгөртүлдүБыйыл Ысык-Ата районунда жалпы 34,5 чакырым жол асфальтталатТокмокто айдоочулук күбөлүк үчүн практикалык сынак өтүүчү жайдын дареги өзгөрдү
Ат-Башыда болгон катуу шамал үйлөрдүн чатырын учуруп кетти
27.03.2025 | 14:26
Бүгүн, 27-мартта Нарын облусунун Ат-Башы районунда ылдамдыгы секундасына 22 метрге жеткен катуу шамал болуп, турак үйлөрдүн чатырын учуруп кетти. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматта айтылгандай, катуу шамал Кара-Суу, Калинин, Дыйкан айылдарында кампалардын, чарбалык курулуштардын жана сарайлардын, ошондой эле Терек-Суу айылында 2 турак үйдүн чатырларын учуруп кеткен.
ӨКМ жарандарды катуу шамал учурунда коопсуз жайларда болууну эскертти.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар