Ат-Башы районунда 28-сентябрь күнү саат 15:33тө «БМВ-525» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, унаа жолдон чыгып оодарылып кеткен.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, жол кырсыгы Ача-Кайыңды жана Баш-Кайыңды айылдарынын ортосунда катталган.
Жерине ӨКМнин куткаруучулары тартылып, унаада кыпчылып калган 1985-жылы туулган айдоочуну чыгарышып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.