Шыкмаматов мандатын тапшырып, «Ата-Мекенден» кетти. Эми фракцияны ким жетектейт?

Шыкмаматов мандатын тапшырып, «Ата-Мекенден» кетти.  Эми фракцияны ким жетектейт?

Алмамбет Шыкмаматов депутаттык укугун мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берди. Бул тууралуу Боршайкомдон билдиришкенин «24.kg» жазды.

Депутат редакцияга бул маалыматты тастыктап, кетүү себебин айтып берди. Ал «Ата Мекен» партиясынын мүчөлүгүнөн чыга турганын дагы кошумчалады. Айтымында, мындай чечим кабыл алуу оңой болгон жок.

«Ата Мекен» күчтүү, туруктуу, партияга чын дили менен берилген кишилерден турат. Мен ар бир фанатын билем, алар чынчыл, арам ойлору жок кишилер. Мен социалисттердин катарында 15 жыл турдум, саясатчы катары «Ата Мекендин» желеги менен өстүм десем болот. Партиялаштарыма, анын лидери Өмүрбек Текебаевге сый менен мамиле кылам. Текебаев- тарыхый инсан, тажрыйбалуу депутат, төрт тарабы төп келген саясатчы, саясий комбинацияны түзүүчү уста. Ал саясий карама-каршылыктарда дасыккан оюнчу. Мен андан көп нерсе үйрөндүм, бул үчүн ыраазымын. Бирок менин бир катам бар, ал мен өзүмө өзүм кумир жаратып алгандыгым», — деди Алмамбет Шыкмаматов.

Шыкмаматовдун айтуусунда, Өмүрбек Текебаев менен болгон пикир келишпестиктен улам, «Ата Мекенден» кетип, депутаттык мандатымды тапшырам деп үч уктасам да түшүмө кирбейт болчу.

Депутат пикир келишпестик тууралуу болгон окуяны толук айтып берген жок.

Алмамбет Шыкмаматов партиядан гана чыкканын, бирок чоң саясатта кала турганын кошумчалады.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>