“Ата Мекен” партиясы президентке кайрылды

“Ата Мекен” партиясы президентке кайрылды

“Ата Мекен” саясий партиясы бүгүн, 12-июлда президент Сооронбай Жээнбековко кайрылуу жолдоду.

Анда партиянын Бакиевдин жана Атамбаевдин бийлигинин тушунда “Матрешкагейт” жана “Белизгейт”  өңдүү курулай айыптоолордун негизинде кугунтуктоого кабылганы жазылган. Мындан сырткары демократияны, укуктук мамлекетти орнотуу үчүн дайыма күрөшүп келгени — бул күрөштө калктын колдоосуна ээ болуп келгени жазылган.

“Бийлик алмашкандан кийин, Атамбаевдин бардык калптары жана кылмыштары ачыкка чыгып, парламент аны кол тийбестигинен ажыратты. Буга биздин айрым депутаттарыбыз да, ошондой эле Өмүрбек Текебаевдин мурда-кийин жасаган көптөгөн билдирүүлөрү да салым кошту. Жүйөлөр биздин Фемида кызматкерлеринин бирден-бир акыйкат чечим чыгарышына  Текебаев менен Чотоновду толук актоо чечимин кабыл алышына мажбур кылат деп ишенгенбиз.

Бирок соттор Атамбаевдин таасиринен дагы деле чыга алышпай жаткансып, биздин адвокаттардын, туугандардын жана ишке күбө болушкан саясатчылардын жана сиз ишенбей койбой турган жогорку рангдагы чиновниктердин бардык аргументтерине жана жүйөлөрүнө көӊүл бурбай жатышат”, — деп жазылат кайрылууда.

Белгилей кетсек, Жогорку сот 16-июлда “Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаевдин ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу  кайрадан карайт.

сүрөт: Аazattyk

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>