Тажрыйба алмашуу, каттамдарды өнүктүрүү: «Манас» жана «TRIWO Hahn» аэропорттору кызматташат

21.10.2026 | 15:10
«Манас» эл аралык аэропорту Германиянын «TRIWO Hahn» аэропорту менен кызматташат — Новости Кыргызстана

«Манас» эл аралык аэропорту Германиянын «TRIWO Hahn» аэропорту менен өнөктөштүк келишимин түздү. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ААКы билдирди.

Маалыматка ылайык, келишим жүргүнчү жана жүк ташууну өнүктүрүүгө, тажрыйба алмашууга, технологияларды киргизүүгө жана жаңы авиакомпанияларды тартууга багытталган.

Ошондой эле «Кыргызстан аэропорттору» ААКтын коммерция боюнча директору Аман Мамаев баштаган делегация аталган немис аэропортунун инфраструктурасы, техникалык базасы жана жүк ташуу комплекси менен таанышкан. Сапар Кыргызстандын Германиядагы элчилигинин колдоосу менен уюштурулган.

Мекемме бул кызматташтык Кыргызстан Европа Биримдигинин авиациялык «кара тизмесинен» чыгарылгандан кийинки аба каттамдарын кеңейтүү жана өлкөнүн транзиттик-логистикалык мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү аракетинин алкагында жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

Scroll to Top