КРСУнун доценти Владимир Школьный: Биздин билим берүү системабыздын жемиши — студенттерЫсык-Көлдө Казакстан менен болгон чек ара пунктунун иштөө убактысы 21:00гө чейин узартылдыКыргызстан менен Беларустун ТИМ башчылары кызматташтыктын жаңы долбоорлорун талкуулашты«Мэрче тамчылатып сугаруу» — Бишкектин автобустары жамгыр сыноосунан өтпөй калдыТаиланддан Кыргызстанга 7,5 килограммдан ашык марихуана алып кирүүгө аракет кылышканКРСУ бюджеттик орундарга тапшыруу үчүн резервдик күндөрдү жарыялады
Атайын кызмат: УКМК кызматкерине $20 миң пара берген айыл өкмөт башчысы кармалды
02.10.2024 | 17:45
Ош облусунун Кара-Суу районунун Савай айыл аймагынын башчысы К.М.К (Кыргызбаев Мурат Кыргызбаевич) УКМКнын тергөөчүсүнө пара берип жатканда кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, Кыргызбаев буга чейин Жаңы-Арык айыл аймагынын башчы болуп турганда, кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, жер тилкелерди үй жана коммерциялык объекттерди курууга мыйзамсыз берген.
Ал тууралуу белгилүү болгондон кийин кылмыш жоопкерчилигинен кутулуу үчүн УКМК кызматкерине 20 миң доллар сунуштаган.
Учурда ал УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Тергөө иштери жүрүүдө.
Мурат Кыргызбаев 2023-жылы 8-февралда Савайдын айыл өкмөт башчысы болуп дайындалган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом