КРСУнун доценти Владимир Школьный: Биздин билим берүү системабыздын жемиши — студенттер

Кыргыз-Россия Славян университети (КРСУ) чоң өзгөрүүлөрдүн алдында турат. 2030-жылга чейин жаңы, заманбап кампустун курулушу пландалууда. Бирок азыр жогорку билим берүү тармагында бир катар көйгөйлөр бар. Алардын бири — TikTok сыяктуу социалдык тармактардын таасиринен улам биринчи курстун студенттери маалыматты кыска видеолор аркылуу гана кабыл алууга көнүп калышканы. Ошондой эле мектептерде мугалимдер жетишсиз. Бүтүрүүчүлөрдүн көбү мугалимдик кесипти кадыр-баркы төмөн деп эсептеп, бул кесипти тандагысы келбейт. Онлайн билим берүү эмне үчүн мектепти жаңы бүтүргөн жаштар үчүн эмне себептен натыйжасыз болушу мүмкүн экенин, динге ишенген адамдардын психологиясын жана гуманитардык сабак берген мугалимдердин техникалык мүмкүнчүлүктөрү эмне үчүн дагы деле чектелүү экениндиги тууралуу Reporter.kg’ге КРСУнун академик Какеев А.Ч. атындагы философия жана дин таануу кафедрасынын доценти Владимир Школьный айтып берди.
— Владимир Александрович, сиз КРСУда 22 жылдан ашуун убакыттан бери сабак берип келесиз. Ушул жылдар аралыгында студенттердин, өзгөчө психологиялык жактан алганда кандай өзгөрдү?
— Айрым мугалимдер менен мен таптакыр макул эмесмин, университетке азыр тапшырып жаткан жаштар мурдагыдай акылдуу эмес дешет. Бул туура эмес. Азыркы студенттер — бардык реформалары менен кошо биздин билим берүү системабыздын натыйжасы.
Алардын азыркыдай болуп калыптанышына негизинен интернет, компьютердик оюндарга көз карандылык жана социалдык тармактар таасир этти. Акыркы эки-үч жылдан бери бизге маалыматты кыска үзүндүлөр менен кабыл алган, терең ойлонуп, талдай билүү жөндөмү начар өнүккөн жаштар көбүрөөк келип жатат. Алар түз маанисинде TikTok’тун алгоритмдеринин таасиринде калган балдар. Бир-эки мүнөттүк кыска видеолорго көнүп алуу адамдын көңүлүн бир нерсеге топтоосуна тоскоол болот. Ошондуктан көргөн же уккан маалыматтын көбү адамдын эсинде көпкө сакталбайт.
Бирок студент — келечектеги адис. Ал университетти бүткөндө окуу учурунда алган билимин жакшы өздөштүрүп, жетиштүү билим алып чыгышы керек. Бул үчүн маалыматты узак убакытка эстеп калуу жөндөмүн өнүктүрүү зарыл. Ошол эле учурда студенттер менен туура иштеп, алардын окууга болгон кызыгуусун арттыра алсаң, алар сабакка көбүрөөк аракет кыла башташат. Китеп окууну сунуштасаң, кагаз китептерди да кызыгуу менен окушат. Алардын окууга болгон кызыгуусу ойгонот. Алардын мүмкүнчүлүгү бар, болгону алар менен өзүң да кызыгуу жана чыгармачылык дем менен иштешиң керек.
— Азыр билим берүүнү санариптештирүү тууралуу көп айтылып жатат. Университеттерде онлайн окутууга өтүүгө кандай карайсыз?
— Кечээ эле мектепти бүтүргөн жаштарды онлайн окутууга басым жасоо — жаштардын психологиясын жакшы билбеген жаңычылдардын чоң катасы. Онлайн окуу өз алдынча билим алууга даяр, тажрыйбасы бар адамдар үчүн гана натыйжалуу. Эгер адамдын жогорку билими жана негизги билими болсо, ал эмнени кааларын түшүнөт. Ошондуктан ал өз кесиби боюнча билимин кеңейтип же тереңдете алат.
Ал эми мектепти жаңы эле бүтүргөн жаштарда мындай даярдык жок. Алар жашоодо өз багытын да толук аныктай элек болушат. Университетке келгенде сайтта жазылган жөнөкөй эле кабыл алуу шарттарын түшүнүүдө да кыйналышы мүмкүн. Окутуучу менен бетме-бет сүйлөшүп, түз байланыш болбосо, мындай жаштардан онлайн окутуу менен мыкты адис даярдоо мүмкүн эмес.
— Сиздин негизги сабагыңыз — дин психологиясы. Мындай назик теманы азыркы студенттер үчүн кантип кызыктуу жана пайдалуу кылса болот?
— Бул өтө кылдат мамилени талап кылган сабак. Мисалы, синтоизмдин же конфуцичилик догмаларын билүү жетишсиз. Бул диндерди карманган элдердин дүйнөгө болгон көз карашын да түшүнүү керек. Анан муну студенттерге жөнөкөй жана түшүнүктүү кылып айтып бере билишиң зарыл.
Окуу программасында Вундт, Юнг, Фрейд, Адлер сыяктуу белгилүү окумуштуулардын теорияларын үйрөтүү талап кылынат. Бирок алардын эмгектерин жөн гана китептеги маалымат катары айтып берсем, студенттер алган билимин турмушта колдоно албай калышы мүмкүн. Ошондуктан кээде окуу программасындагы талаптардан бир аз чыгып, темаларды күнүмдүк жашоодогу мисалдар менен түшүндүрөм.
Биз дин таануучуларды адамдар менен, айрыкча динге ишенгендер менен иштөөгө даярдайбыз. Бүтүрүүчү адамдын кайсы динди карманарын гана эмес, эмне үчүн ошол динге ишенерин да түшүнүшү керек. Анын динге келишине эмне себеп болгонун жана ошол динди карманып жүрүшүнө эмне түрткү берип жатканын билиши зарыл. Мен студенттерге адамдын психологиясын түшүнүү жана адамдар менен туура мамиле түзүү боюнча келечектеги кесибинде чындап керек боло турган практикалык көндүмдөрдү үйрөтүүгө аракет кылам.
— Диплом жана теориялык билимден тышкары, университет жаштарга дагы эмне бериши керек?
— Университетте студент кесип үйрөнүү менен бирге коомдо адамдар менен мамиле түзгөндү да үйрөнөт. Биздин студенттер үчүн кесипке даяр экенин көрсөтө турган эң маанилүү сыноолордун бири — төртүнчү курста мектепке барып, мугалим болуп практикадан өтүү.
Алар мектепке барып, класска кирип, окуучулар менен өз алдынча иштешет. Мен аларга дайыма: «Өзүңөр мектепте окуп жүргөндө мугалимдерге кандай мамиле кылганыңарды эстегиле. Эми ошол эле абалды өзүңөр башыңардан өткөрүп көргүлө», — деп айтам. Окуучулар практикага келген студенттерди сынап көрүшөт. Жогорку класстын окуучулары атайын кыйынчылык жаратып, мугалимди ыңгайсыз абалга калтырууга аракет кылышы мүмкүн. Кээде практикага барган студент кыздар сабак өткөндөн кийин мага ыйлап телефон чалышат. Бирок дал ушул тажрыйба аларга чыныгы мугалимдин жумушу кандай экенин түшүнүүгө жардам берет. Практикадан кийин студенттер университетке мурдагыдан да жоопкерчиликтүү болуп кайтып, окууга олуттуу мамиле кыла башташат.
— Мугалимдик кесип эң оор кесиптердин бири. Ошол эле учурда Бишкектеги мектептерде мугалимдер жетишсиз. Бул көйгөйдүн негизги себеби эмнеде?
— Азыр гуманитардык багыттарда теория көп окутулат, ал эми практика аз. Диплом алган адам окуу учурунда алган билимин жумушта дароо колдоно алышы керек. Ал эми Агартуу министрлиги үчүнчү курстун студенттерин мектептерде сабак берүүгө тартууну сунуштап жатат. Менимче, бул туура эмес. Анткени студенттердин балдар жана өспүрүмдөр менен иштөө тажрыйбасы али жок.
Бирок эң чоң көйгөй — мугалимдик кесиптин кадыр-баркы төмөн болуп калганында. Бишкектеги мектептерде мугалимдердин жетишсиздиги 30 пайыздан ашат. Жаш мугалим жумушка жаңы келгенде 12 миң сом айлык алат. Мындай айлыкка кантип жашап, үй-бүлө куруп, келечегин пландасын? Азыр мугалимдер толук кандуу жашай албай, жөн гана күнүмдүк жашоосун өткөрүп жатышат. Адамдын тамак-аш, турак жай, кийим сыяктуу негизги керектөөлөрү камсыз болгондо гана жакшы жашоо жөнүндө сөз кылууга болот. Андан тышкары адамдын өзүн өнүктүрүүгө, жаңы нерселерди үйрөнүүгө жана кесиптик жактан өсүүгө да мүмкүнчүлүгү болушу керек. Курсагы ток эмес, көйгөйү көп мугалим жакшы сабак бере албайт.
Мугалимдик кесиптин кадыр-баркын көтөрүү үчүн жаш адистерге жардам керек. Мисалы, аларга турак жай же жатакана берүү, жол киреге жеңилдиктерди киргизүү жана башка атайын колдоо программаларын ишке ашыруу зарыл. Коомдун мугалимдерге болгон мамилеси да маанилүү. Азыр айрым ата-энелер мектепке келип, мугалимге баланы кантип окутуу керектигин айтып, кийлигишип жатышат. Эгер алар мугалимдин иши оңой деп ойлошсо, анда 50 окуучусу бар класстын алдына өздөрү чыгып, айрыкча өспүрүм курактагы балдарга сабак өтүп көрүшсүн.
Жогоруда айтылган адистерди практикада даярдоо жана кесиптештердин ортосундагы байланышты сактоо маселелери КРСУнун алдыдагы майрамында да негизги темалардын бири болот. 25-июлда «Жаштык Аренада» университеттин 33 жылдык тарыхында биринчи жолу жалпы университеттин бүтүрүү аземи өтөт. Ага бүтүрүүчүлөр, мугалимдер, ата-энелер жана Кыргызстандан жана Россиядан келген ардактуу коноктор катышат.
Быйыл КРСУнун жана КРСУ колледжинин 1 128 бүтүрүүчүсү бакалавр, адистик, магистр жана ординатор дипломдорун алышат. Окууда, илимий иштерде жана коомдук иштерде өзгөчөлөнгөн мыкты студенттер сыйлыктарга жана артыкчылык дипломдоруна ээ болушат.
Майрамдын маанилүү окуяларынын бири — КРСУнун бүтүрүүчүлөр ассоциациясын түзүү тууралуу жарыялоо болот. Бул бирикме университетти бүткөндөрдүн бири-бири менен жана өздөрү окуган окуу жай менен байланышын сактоого жардам берет. Ошондой эле ар кайсы жылдары бүтүргөн адистердин байланыштарын бекемдеп, кесиптик жактан бири-бири менен кызматташуусуна мүмкүнчүлүк түзөт.
— Бүгүнкү күндө билим берүү системасын реформалап жаткандарга кандай каалоо-тилек айтат элеңиз?
— Бир гана нерсени каалайт элем: билим берүү сыяктуу татаал жана кылдат мамилени талап кылган тармакта реформа жүргүзүүдөн мурун, бул тармакта тажрыйбасы бар кесипкөй психологдор менен мүмкүн болушунча көбүрөөк кеңешүү керек. Ошондо гана жүргүзүлгөн өзгөртүүлөрдүн жыйынтыгы жакшы болот.
Маектешкен Александр Банников