Кыргызстан менен Беларустун ТИМ башчылары кызматташтыктын жаңы долбоорлорун талкуулашты

КР ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, Кыргызстандын жана Беларустун тышкы иштер министрлери эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнү, эл аралык аянтчалардагы өз ара аракеттенүүнү жана алдыдагы биргелешкен иш-чаралардын графигин талкуулашты.

Такталгандай, Беларустун тышкы иштер министри Максим Рыженков ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу менен 22–23-июль күндөрү расмий сапар менен Кыргызстанда жүрөт.

Сапардын биринчи күнүндө тараптар эки тараптуу күн тартибиндеги маселелердин кеңири чөйрөсүн, анын ичинде саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү кызматташтыкты талкуулашты.

Министрлер эки өлкө ортосундагы саясий диалогдун активдүүлүгүн, анын ичинде мамлекет, өкмөт жана парламент башчыларынын деңгээлиндеги үзгүлтүксүз байланыштарды белгилешти. Ошондой эле алар буга чейинки жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн карап чыгышып, кыргыз-беларус мамилелерин бекемдөө боюнча ишти улантуу ниетин ырасташты.

Сүйлөшүүлөрдүн практикалык бөлүгү алдыдагы биргелешкен иш-чараларды даярдоого арналды. Тактап айтканда, тараптар соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-беларус өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги отурумун өткөрүү мөөнөттөрүн, ошондой эле тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы консультацияларды уюштуруу маселесин талкуулашты.
Министрлер БУУ, КМШ, ЕАЭБ, ШКУ, ЖККУ жана башка эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүнү координациялоого өзгөчө көңүл бурушту.
Максим Рыженков кыргыз тарапты Кыргызстандын 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы менен куттуктады. Ал эми Жээнбек Кулубаев беларус тарапты 2027-жылы өтө турган Экинчи Тоо саммитине катышууга чакырды.
Жолугушуунун жыйынтыгында Максим Рыженков Жээнбек Кулубаевди расмий сапар менен Беларуска келип кетүүгө чакырды.