Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылатБишкектин Калыс-Ордо конушуна 650 орундуу жаңы мектеп салындыКытай менен чек арадагы көпүрө Кыргызстанга болжол менен $1 млн чыгым болушу мүмкүнБазар-Коргондо лицей окуучуларына мыйзамсыз аттестат берилген. Башкы прокуратури иш козгодуАдылбек Касымалиев Кытайга иш сапары менен барат«CYBERNOMAD FEST 2026»: Бишкекте улуттук кибермашыгуулар башталды
«Мэрче тамчылатып сугаруу» — Бишкектин автобустары жамгыр сыноосунан өтпөй калды
22.07.2026 | 13:21

Reporter.kg редакциясына Бишкек шаарынын тургундары видео жөнөтүштү. Анда шаардык автобустун салондогу шыбынан суу агып жаткандыктан, жүргүнчүлөр кол чатыр тосуп отурууга мажбур болушканын көрүүгө болот.
Автордун айтымында, видео мурунку күнү майда жамгыр жаап жаткан учурда тартылган.
Социалдык тармактардын колдонуучулары мындай «комфорттун» деңгээлин баалап жетишип, мэрия тамчылатып сугаруу жана табигый желдетүү функциясы бар автобустарды сатып алган окшойт деп тамашалап жатышат. Алардын айтымында, жүргүнчүлөр мындай «опциядан» пайдаланууну такыр күтүшкөн эмес.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом