Кыргызстандын курама командасы Шанхайда өткөн математика боюнча олимпиадада беш медаль утту

21.07.2026 | 11:35
Кыргызстандын курама командасы Шанхайда өткөн математика боюнча олимпиадада беш медаль утту — Новости Кыргызстана

Кыргызстандын курама командасы 10-июлдан 21-июлга чейин Шанхайда өткөн 67-Эл аралык математикалык олимпиадада (IMO) беш медаль жеңип алды, деп билдирет Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы.

Такталгандай, дүйнөдөгү эң абройлуу математикалык олимпиадалардын бирине 117 өлкөдөн 666 окуучу катышкан. Кыргызстандын курама командасы математика боюнча Улуттук олимпиаданын IV этабынын жыйынтыгы менен түзүлгөн.
Кыргызстандын курама командасы Шанхайда өткөн математика боюнча олимпиадада беш медаль утту — иллюстрация

Мелдештин жыйынтыгында кыргызстандык окуучулар үч күмүш жана эки коло медаль тагынышса, дагы бир катышуучу ардак грамота менен сыйланды.

Күмүш медалдарга ээ болгондор:

  • Ариет Акимов, «Газпром Кыргызстан» мектебинин 8-классынын окуучусу;
  • Арлан Саят, «Газпром Кыргызстан» мектебинин 8-классынын окуучусу;
  • Ян Бобрус, «Газпром Кыргызстан» мектебинин 10-классынын окуучусу.

Коло байгенин ээлери:

  • Султан Мусаходжаев, «Маариф» билим берүү комплексинин 10-классынын окуучусу;
  • Тимур Акенеев, «Газпром Кыргызстан» мектебинин 11-классынын окуучусу.

Ардак грамота менен Silk Road Education ISK мектебинин 8-классынын окуучусу Бектен Абдувалиев сыйланды.

Министрликтин маалыматына ылайык, олимпиаданын жыйынтыгында Кыргызстан 35-орунду ээлеп, катары менен үчүнчү жыл дүйнөнүн эң мыкты 40 командасынын катарына кирди.

Белгиленгендей, 1993-жылы Кыргызстан алгачкы жолу IMO олимпиадасына катышкандан бери улуттук курама команда жалпы 27 медаль уткан. Ошол эле учурда 14 сыйлык, анын ичинде бир алтын, сегиз күмүш жана беш коло медаль акыркы үч жылдын ичинде эле алынган.
Scroll to Top