Эксклюзив

«Менин айтканым айткан» деген заман өттү: КРСУ мугалими жаңы муун тууралуу

17.07.2026 | 19:37
«Я так сказал» больше не работает: преподаватель КРСУ — о студентах нового поколения — Новости Кыргызстана

Жыпар Оморовна Султанова КРСУда көп жылдан бери сабак берип келет. Бул убакыт ичинде ал студенттердин бир нече муунун окутуп, алардын өзгөрүшүнө жараша өзүнүн окутуу ыкмаларын да өзгөртүп келет. Кыргыз Республикасынын Эл акыны Омор Султановдун кызы Жыпар Оморовна журналисттик менен окутуучулукта эң башкысы сөзгө болгон чынчылдык деп эсептейт.
Ал Reporter.kg’ге берген маегинде бүгүнкү күндө студенттер кандай өзгөргөнү, эмне үчүн кесиптик этика азыр да маанисин жоготпогону жана студенттердин бири менен болгон окуя ага кандай таасир берип, сабак болгонун айтып берди.

— Жыпар Оморовна, сиз КРСУда көп жылдан бери иштеп келесиз. Бул аралыкта студенттер кандай өзгөрдү? Алардын окууга болгон мамилеси, даярдыгы жана максаты кандай?

— «Азыркы жаштар мурдагыдай эмес» деп айтуу оңой. Бирок мындай сөздөн эч нерсе өзгөрбөйт. Студент өзгөрдү, анткени жашоо өзгөрдү. Азыр жашоонун ыргагы мурдагыдан кыйла ылдам.

Бүгүнкү студент билимди көбүнчө практикалык максат үчүн алгысы келет. Эгер мурда окуп, дүйнө таанымын кеңейтүүгө кызыкса, азыр кайсы билим же көндүм кийин пайда алып келерин, кайсы жерде ишке жарай турганын алдын ала билгиси келет. Бул жаман көрүнүш эмес.

Даярдык жагынан да айырма бар. Азыркы студенттер мурдагыдай терең академиялык билимге ээ болбошу мүмкүн. Бирок алар жаңы маалыматты бат кабыл алып, жаңы шартка тез көнө алышат. Ооба, азыр жаштар китепти азыраак окушат. Бул өкүнүчтүү. Бирок алар маалыматты тез таап, аны менен иштегенди жакшы билишет. Ар кандай санариптик жана мультимедиялык каражаттарды колдонуу алар үчүн көнүмүш нерсе.

Окууга болгон мамиле да өзгөрдү. Азыр студент окутуучуну жөн эле жашы же кызматы үчүн урматтабайт. «Мен айттым, болду» деген мамиле азыр иштебейт. Студенттин ишенимине ээ болуш үчүн күн сайын өзүңдүн билимиңди, тажрыйбаңды жана чынчылдыгыңды көрсөтүшүң керек. Менимче, бул мугалимди да дайыма изденип, өнүгүүгө түртөт.

— Сабактарыңыздагы студенттерди кайсы темалар көбүрөөк кызыктырат?

— Көбүнчө журналисттин кесиптик этикасы жана интервью алуу темалары кызыгуу жаратат. Бир караганда азыркы кликбейт менен жасалма интеллект доорунда этика кызыксыз көрүнүшү мүмкүн. Бирок андай эмес.

Чыныгы турмуштагы окуяларды мисал кылып талдай баштаганда студенттер дароо кызыгып кетишет. Мисалы, коомдук кызыкчылык менен адамдын жеке жашоосунун чек арасы кайсы жерде бүтөт? Журналист кантип чындыкты айтып, ошол эле учурда адамдын укугун бузбайт? Кантип маалымат берип жатып адамдарды башкаруунун куралына айланып калбайт? Ушундай суроолор аларды ойлондурат.

Пл эми интервью боюнча сабактарда болсо студенттерди адамдар менен туура сүйлөшүү кызыктырат. Азыр байланыш көбүнчө телефон же мессенджер аркылуу болгондуктан, жаштар бетме-бет олтуруп терең сүйлөшүүгө муктаж экенин байкайм.

Биз сабакта кийинки суроону берүү үчүн эмес, адамды чындап түшүнүү үчүн угууну үйрөнөбүз. Көп студент үчүн бул жаңы түшүнүк болуп калат.

— Мугалимдик жолуңузда бүгүнкү күнгө чейин эсиңизден кетпеген, көз карашыңызды өзгөрткөн окуя болгонбу?

— Мындай окуялар көп эле болду. Бирок көбүнчө мугалим болуп иштей баштаган кездеги бир студент эсимден кетпейт.

Ал кыз абдан жөндөмдүү болчу. Бирок эч ким менен жакындан сүйлөшчү эмес. Дайыма менин айткан сөзүмдү талашып, суроо берип, өз оюн ачык айтчу. Кээде атайын каршы чыгып жаткандай сезилчү. Башында буга ичим ачышып, ага катуу талап койгум келчү.

Бир күнү чыгармачылык тапшырма катары ал кадимки репортаждын ордуна жалгыз жашаган кары адамдар жөнүндө материал алып келди. Ал макала ушунчалык жүрөктөн чыккан, боорукерлик менен жазылган экен, окуп жатып абдан таасирлендим.

Ошондо анын сыртынан орой көрүнгөн мүнөзү чындыгында өзүн коргогон калкан экенин түшүндүм. Ичинде абдан боорукер, сезимтал адам жашаптыр. Ошол окуядан соң студентти биринчи көргөндөгү эле таасир менен баалабоо керектигин түшүндүм. Кээде каршылык көрсөткөн студенттин ичинде чоң мүмкүнчүлүк жашырынып турат.

Ошондон бери алгач ар бир студенттин адамдык сапатын көрүүгө аракет кылам. Анан гана анын окуусуна баа берем.

Атаңыз, Кыргыз Республикасынын Эл акыны Омор Султанов сиздин жашооңузга кандай таасир берди?

— Атам мага жөн эле үлгү болгон жок. Ал мага өмүр бою карманчу баалуулуктарды үйрөттү. Ал кыргыз поэзиясына жаңылык алып келген акын болгон. Бирок анын эң чоң өзгөчөлүгү — сөзгө жана адамдарга болгон чынчылдыгы эле. Ал эч качан жасалма сүйлөчү эмес, жазганы да, жашоосу да бирдей болчу.

Мен ошол сапатты студенттериме да жеткирүүгө аракет кылам. Атам мага сөздүн күчү чоң экенин жана ар бир сөз жоопкерчилик экенин үйрөттү. Журналист үчүн бул өзгөчө маанилүү.

Студенттериме үч нерсени дайыма айтып келем. Биринчиси — кандай кырдаал болбосун өзүңө бекем бол. Экинчиси — кайдыгер адам жакшы журналист да, жакшы акын да боло албайт. Үчүнчүсү — ар бир адамдын оюн сыйла.

Атам эркин ойлонгон адамдарды баалачу. Ошондуктан менин сабагымда студент менин пикириме каршы болсо да, өз оюн ачык айтууга укуктуу.

— Университет студентке дипломдон башка дагы эмне берет деп ойлойсуз?

— Диплом албетте, керек. Ал жумушка орношууга жардам берет. Бирок университеттин эң чоң байлыгы диплом эмес. Менимче, университет адамды туура ойлонууга жана өмүр бою үйрөнүүгө үйрөтөт. Бүгүнкү маалымат эртең эскирип калышы мүмкүн. Технология дагы өзгөрөт. Бирок маалыматты издеп табуу, аны талдоо жана туура колдонуу жөндөмү адам менен өмүр бою калат.

Андан тышкары, университет жакшы досторду жана кесиптештерди таба турган жер. Сабактан кийинки сүйлөшүүлөр, талкуулар, бирге жасаган иштер кийин да адамдын жашоосунда чоң орун ээлейт.

Эң негизгиси, студенттик жылдар адам өзүн издеп, жаңы нерселерди сынап көрүп, жаңылышып, ошол каталарынан сабак ала турган өзгөчө мезгил.

— Эгер азыркы жогорку билим берүү системасында бир нерсени өзгөртүү мүмкүнчүлүгү болсо, эмнени өзгөртмөксүз?

— Мен эң биринчи мугалимдер үчүн кагаз иштерин жана бюрократияны азайтмакмын. Азыр жогорку окуу жайларындагы окутуучулар убактысынын көбүн ар кандай отчет, таблица, план даярдоого жана окуу программаларын жаңы талаптарга ылайык өзгөртүүгө коротушат. Бул көп убакытты алып, чыгармачылык менен иштөөгө тоскоол болот.

Мен убактымды студенттерге көбүрөөк бөлгүм келет. Жаңы китептерди окуп, кызыктуу лекцияларды даярдап, студенттердин долбоорлорун талкуулап, илимий макалаларды жазууга мүмкүнчүлүк болсо жакшы болмок.

Билим берүү — мугалим менен студенттин жандуу баарлашуусу. Ал кагаз жүзүндөгү отчеттор менен эле чектелбеши керек. Эгер окутуучуга студенттер менен көбүрөөк иштөөгө шарт түзүлсө, билим берүүнүн сапаты да жакшырат.

Белгилей кетсек, 25-июлда «Жаштык Аренада» КРСУнун бүтүрүүчүлөрүнө диплом тапшыруу аземи өтөт. Ошол күнү Жыпар Оморовна жогоруда сөз кылган студенттер окуусун аяктап, жаңы турмушка жана кесиптик жолго кадам ташташат. Көптөр үчүн бул тайпалаштары менен акыркы ирет жолугушкан күндөрдүн бири болот. Андан кийин ар кимиси өз жолу менен редакцияларга, компанияларга жана башка шаарларга кетишет.

Маектешкен: Александр Банников.

Scroll to Top