Таиланддан Кыргызстанга 7,5 килограммдан ашык марихуана алып кирүүгө аракет кылышкан

КР ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын (БМЖККК) кызматкерлери Мамлекеттик бажы кызматы (МБК) менен биргеликте эл аралык почта жөнөтмөлөрү аркылуу Таиланддан Кыргызстанга өзгөчө ири өлчөмдөгү каннабис тобундагы баңгизаттарды ташып келүү каналын уюштурган кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюшту.


Атайын операциянын жүрүшүндө Бишкектеги почта бөлүмдөрүндө эл аралык почта жөнөтмөлөрүн алып жаткан жеринен 1980-жылы туулган Т.Б.О. жана 1989-жылы туулган Ч.Н. аттуу эки шектүү жаран кармалды. Алардан Таиланддан келген 7 килограмм 560 грамм марихуана алынды.

Алдын ала баалоо боюнча, алынган баңгизаттын көмүскө базардагы (кара базардагы) баасы 400 миң доллардан ашат. Тергөө аныктагандай, бул партия мындан ары Казакстанга мыйзамсыз ташып өтүүгө арналган.
Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси («Сатуу максатында баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо») менен кылмыш иши козголду. Учурда тергөө жүрүп жатат.