18-август: айрым жерлерде өткүн өтөтЭмне үчүн альпинист Наговицынанын сөөгү дагы деле Жеңиш чокусунда — ӨКМдин жообуКОСУнун студенттери Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштурууга катышатКыргызстанда «Мал аман» мамлекеттик ишканасы түзүлүп, жеке ветеринарлар ишке алынатМанас шаарында жаңы автобекет ишке кирдиБишкекте көчөдөгү жаңжалдын катышуучулары майда бейбаштык үчүн жоопко тартылды
“Атам киши колдуу болуптур”. Жалал-Абаддык Асылбаевдин сөөгүн койчу тапты
09.11.2021 | 11:48
Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында 58 жаштагы Саттар Асылбаев 23-октябрдан бери дайынсыз болуп изделип жаткан. Анын сөөгүн койчу тапканын маркумдун кызы Мээрим билдиргенин super.kg жазып чыкты.
Ал атасы киши колдуу болуп өлгөнүн айткан.
“Атам киши колдуу каза болуптур. Ал башы жабыркап, кабыргалары сынган абалда талаадагы чуңкурдан табылды. Атамдын жансыз денесин койчу көрүп калыптыр”, – деди ал.
Белгилей кетсек, Саттар Асылбаев 23-октябрь күнү эртең менен саат 07:30 чамасында үйүнөн чыгып кеткен. Ошол эле күнү саат 21:00 чамасында бир тууган эжесине байланышка чыгып, андан кийин телефону өчүк болуп калган.
