Атамбаевди Улуттук кардиология борборунда текшерүүдөн өткөрүүгө жибербей жатышат

Атамбаевди Улуттук кардиология борборунда текшерүүдөн өткөрүүгө жибербей жатышат

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы экс-президент Алмазбек Атамбаевди Токтогул жана Токолок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Улуттук кардиология борборуна текшерүүдөн өткөрүүдөн баш тартты. Бул тууралуу анын жактоочусу Замир Жоошев Фейсбук баракчасына жазды.

«Кадимки кыйноо (пытки)

Соттук-медициналык эксперттер өз корутундусунда Алмазбек Атамбаевдин жүрөк ооруларын тизмектеп көрсөтүп, анан сот отурумдарына катышуу ооруларын күчөтүп, ден-соолугунун начарлашына алып келиши мүмкүндүгүн жазып судьяга беришкен.

Алмазбек Шаршенович эки жолу сотко мажбур түрүндө алып келинди. Эки жолу тез жардам чакырылды. Бул аркылуу медиктердин корутундуда жазгандары тастыкталды.

Эми Алмазбек Атамбаевди Токтогул/Тоголок-Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Улуттук кардиология борборуна алып барып, обследование кылып коюшса эмнеге болбойт? Сот имараты менен кардиология борборунун аралыгы көп болсо 3 мүнөттүк жол. Атамбаевди башкаларга окшоп “Бикард” жеке клиникасына алып чыккандын кереги жок.

Ооруган адамды сотко алып келип, ал жерде төрт тарабы жабык “аквариумда” кармоо аркылуу чыныгы кыйноо (пытки) болуп жатат», — деп жазат жактоочу.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>