«Пирамида» Жогорку Кеңештин жыйындарын эмне үчүн түз алып бербей калды?

«Пирамида» Жогорку Кеңештин жыйындарын эмне үчүн түз алып бербей калды?

Жогорку Кеңеш “Пирамида” телеканалына 16 млн сом карызын бербей жатат. Бул туурасында аталган телеканалдын башкы директору Дооронбек Адаханов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

“2017-жылдын 3-майындагы № 1553-VI “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштарын түз ободо теле көрсөтүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кабыл алынган. Ошол Токтомду аткаруунун алкагында Пирамида Жогорку Кеңештин жыйындарын түз эфирде көрсөтүүнү ишке ашырып келди.

Бирок Жогорку Кеңеш түз алып берүүгө бөлүнө турган каражатты бербей, Иш башкармалыгы азыркы күнгө чейин телеканалдын трансляция үчүн 2020-жылга 6,0 млн. сом, жана 2021-жылга 10,0 млн. сом карызын төлөп бере элек. Ал каражаттар каналдын кызматкерлерине айлык, техникалык жабдууларга жумшалып келген.

Бул маселе боюнче Жогорку Кеңештин тѳрагасына кат жазып кайрылдык. Жооп болбогон соң Президентке кайрылууга аргасыз болдук. Президент Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Алтынбек Жумаев Президентке аталган маселени айтып, Жогорку Кеңешке Пирамида телеканалы үчүн карызын төлөп берүү боюнча кат жолдонду.

Андан бери 2 ай убакыт өттү. Жогорку Кеңештин иш башкармалыгынан жооп келе элек”- деп жазды.

Буга чейин да аталган телеканалдын кызматкерлери февраль, март айларынын эмгек акысын ала албай келе жатканын да билдирген болчу.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>