Кыргызстан менен Беларусь Бишкектеги форумда биргелешкен Ишкерлер кеңешин түзүштү

05.06.2026 | 13:07
кабмин беларусь

5-июнда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында КР Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана Беларустун премьер-министри Александр Турчин «Кыргызстан-Беларусь» эл аралык экономикалык форумуна катышышты. Иш-чарага эки өлкөнүн бизнес-коомчулукунун 150гө жакын өкүлү катышты.

Форумдун башкы окуясы болуп эки республиканын Соода-өнөр жай палаталарынын өкүлдөрү тарабынан биргелешкен Кыргыз-белорус ишкерлер кеңешин түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюлушу болду. Касымалиев Беларустун күчтүү өнөр жай базасын Кыргызстандын логистикалык жана агрардык дарамети менен бириктирүү туруктуу инвестициялык долбоорлорду баштоо үчүн кең келечекти ачарын баса белгиледи.

Александр Турчин өз кезегинде бизнес-форумду ишкер чөйрөлөрдүн түз диалогу үчүн натыйжалуу аянтча деп атады. Жаңы түзүлгөн Ишкерлер кеңеши ишкерлердин ортосундагы байланышты жөнөкөйлөтүүгө, товар жүгүртүүнүн өсүшүнө өбөлгө түзүүгө жана машина куруу, жеңил өнөр жай жана айыл чарба тармактарындагы биргелешкен программаларды иш жүзүндө ишке ашырууга багытталган.

Теги: кабмин
Scroll to Top