13-октябрь: өлкөнүн айрым аймактарында жаан, тоолуу жерлеринде кар жаашы күтүлөт«Манас» аэропортун реконструкциялоого 130 млн доллар сарпталатУКМК: Баткен облусунда Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү каналы аныкталдыКыргызстанда майыптыгы бар адамдарды жумушка алуудан баш тарткандар үчүн айып салуу сунушталууда — мыйзам долбоору2027-жылы Жогорку Кеңештин чыгымдары 216 млн сомго көбөйтүлөтКочкордон чыккан көмүр Бишкек ЖЭБине темир жол аркылуу биринчи жолу жеткирилди
Бишкекте эки жер үстүндөгү жөө өтмөктүн техникалык ачылышы болду
06.06.2026 | 12:00

Бишкек шаарында эки жер үстүндөгү жөө адамдар өтүүчү көпүрөнүн техникалык ачылышы болуп, пайдаланууга берилди. Объектилердин бири Жибек Жолу проспектисиндеги Аламүдүн базарынын аймагында, экинчиси 7-Апрель көчөсүндө жайгашкан.
Шаар мэриясынын маалыматында, Жибек Жолу проспектисиндеги өтмөктүн узундугу 27 метрди, ал эми 7-Апрель көчөсүндөгү көпүрөнүн узундугу 37 метрди түзөт. Өтмөктөр лифттер менен жабдылып, жөө жүргүнчүлөр, анын ичинде майыптыгы бар жарандар үчүн инфраструктура каралган.
Учурда объектилерде техникалык иштердин акыркы этабы аткарылууда. Жакынкы күндөрү көпүрөлөр толук пайдаланууга берилет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Бишкек