Бакыт Сыдыков президенттин санкциялык саясат боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыковду санкциялык саясат жана санкциялык тобокелдиктерди минималдаштыруу маселелери боюнча атайын өкүл кылып дайындоо жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Бакыт Сыдыков бул кызматты негизги иши менен айкалыштырып аткарат. Ага 2026-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары статусу берилди.
Атайын өкүлдүн негизги милдеттери:
- санкциялык тобокелдиктерди алдын алуу жана баалоо боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялоо;
- эл аралык уюмдар, чет өлкөлүк жөнгө салуучулар жана финансылык институттар менен санкциялык чектөөлөр боюнча өз ара аракеттенүү;
- эл аралык чектөөлөрдү айланып өтүүнү алдын алуу жана экинчилик санкциялардын тобокелдиктерин азайтуу боюнча өлкөнүн макулдашылган позициясын иштеп чыгуу;
- санкциялык режимдердин Кыргызстандын экономикасына (финансы, соода, логистика, инвестиция ж.б.) тийгизген таасирине талдоо жүргүзүү.
Жарлыкка ылайык, атайын өкүл мамлекеттик органдардан маалыматтарды суроого, аткаруу үчүн милдеттүү тапшырмаларды берүүгө жана ведомстволор аралык кеңешмелерди чакырууга укуктуу. Ошондой эле ал санкциялык чакырыктарга оперативдүү чара көрүү системасын өркүндөтүү боюнча сунуштарды президентке жана Министрлер кабинетине киргизип турат.
Документ улуттук экономикалык кызыкчылыктарды коргоо жана санкциялык маселелерде мамлекеттик позицияны координациялоо максатында кабыл алынган.