Аткезчилик: 8 млн. сомдук «iPhone» телефондору чек арадан өтпөй калды

Аткезчилик: 8 млн. сомдук «iPhone» телефондору чек арадан өтпөй калды

«iPhone» смартфондору чек арадан аткезчилик менен Кыргызстанга алып өтүүгө аракет кылгандар кармалды. Бул туурасында Бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек-Дубай багыты боюнча авиакаттамдан келген жүргүнчүлөрдү бажылык тариздөөнүн процессинде 71 санда «iPhone» маркасындагы мобилдик телефондорду – товарларды контрабандалык ташып кирүүгө бөгөт коюлган. Товардын жалпы наркы 8 млн. 279 миң 448 сомду түзгөн.

“Жашыл коридор” бажы контролу формасын тандап алуу менен (коштолуучу жүктү текшербестен), бажы органдын кызматкерине декларациялоо үчүн товарлардын жоктугун билдирген. Андан ары бажы контролу зонасынан чыгып кетүүгө аракет кылганда И.А.А. жаран “Манас” бажысынын кызматкерлери тарабынан кармалган.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин маалыматтарды эсепке алуу журналына катталган. Материалдар Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө органдарына өткөрүп берилген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>